Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Бала тили — бал: Чоңойгондо ырдап, бийлеп телезорго чыгам. Анан элдер «вау» десет, - 3 жаштагы Хафиза (видео, фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылында жашаган 3 жаштагы Хафиза Нурадинова.

- Атың ким?

- Хафийсамын.

- Атыңды ким койду эле?

- Бийөөлөй койгонго.

- Үйүңдө канча адам жашайт?

- Мен, атам, апам, бөбөгүм, дагы көөп жасайбыз.

- Хафиза үйдөгүлөрдөн кимди жакшы көрөсүң?

- Баайын жаксы көйөм. Анан апамды өөллө жаксы көйөөм.

- Канча бөбөгүң бар?

- Менин толтуйа бөбөгүм бай. Үйдө, эсикте, садикте да бар.
Аларды көөп ойнотом. Хадийча эжем бай. Ал дагы мени менен ойнойтда (күлүп).

- Досторуң барбы? Санап берчи.

- Айууке биий, Умай экии, Алихан беес дагы, Хадийча он. Боолду усулай эле.

- Бала бакчага барасыңбы?

- Баям. Садиктен Эжелей каса (каша), тамак, нан бейет. Бийок мен анын баарын жеп коем.

- Бала бакчадагы балдар жана кыздар менен урушасыңбы?

- Бала бакчадан оюнчутайымды таласа бейисет. Анан мен чаап салам.

- Хафиза, чоңойгондо кимге окшош болосуң?

- Чонойгондо ыйдап, бийлеп телезойго чыгам. Анан элдей вау десет.

- Ырдаганды билесиңби?

- Ооба, садиктен көөп ый ыйдагам. Телезорго да ырдайм. Ыйдап белейинби?

- Ооба, ырдап берчи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2143
×