Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Ат-Башынын окуучуларына кышкы лагерь уюштурулуп, ыктыярчылар англис тилин үйрөнүштү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы орто мектептердин окуучуларына чет жерден келген ыктыярчылар тарабынан англис тили окутулду. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, окуучулар англис тилин гана үйрөнбөстөн команда менен иштөөнү, эл алдына чыкканда коркуу сезимдерин жок кылууну, өздөрүн эркин сезүүнү, өз активдүүлүгүн жана таланттарын тартынбай көрсөтүүнү үйрөнүштү.

«Кышкы лагерь ар бир катышуучуга энергия, дем-күч, жаңы тааныштарды гана тартуулабастан билим куржунун кеңейтүүгө эң сонун аянтча болуп бере алды. Окуучуларды ар тараптан шыктандырган окутуу иштери башка орто мектептерде улантыла берет», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2206
Көп окулду
×