Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Жеңеке: 52 жаштагы Зарипа жеңе жаңы келин болгондо кайын энесине чай куйдуруп ичкен (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарында төрөлгөн 52 жаштагы Зарипа Төлөбаева жеңе ата-энесинин каршылыгына карабай Ат-Башыга келин болгон. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолдошу экөө 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш кошушкан.

«Мектепти 1984-жылы аяктап, Бишкек шаарындагы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, жолдошум менен ошол жердеги аялдамадан таанышкам. Алгач анын жагымдуулугу көзүмө урунуп, токтоо, боорукер мүнөзү мени арбап алды. Экөөбүз 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 1987-жылы ата-энемдин каршылыгына карабай ага турмушка чыккам», - деди ал.

Зарипа жеңе жаңы келин болуп келгенде кайын энесине чай куйдуруп ичкен.

«Жаңы келин болуп келгенде сөздөрдүн маанисин түшүнбөй жана чай куйганда кыйналгам. Биз жакта чоң чайнекке чай демдеп, аны столдун үстүнө коюп коюшат. Самоор кайнатканда да кыйналдым. Бирок апам (кайын энеси) бардыгын кылдаттык менен үйрөтүп, мыкты келин кылып алган. Келин болуп келгенде таң атпай туруп алып эшиктин алдын шыпырчумун. Атам (кайын атасы) шыпыргыны колумдан алып, "биз жакта мындай салт жок" дегенден кийин шыпырбай калгам. Бир жолу апам "чай ич" дегенинен атамдан да өйдө төргө өтүп кетип, чай куйдуруп ичкем. Апам унчукпай чай куйуп бериптир. Андан кийин байкап калып, бир топко чейин жаман болуп жүрдүм. Азыр "кайын энесине чай куйдуруп ичкен" деп күлүп калышат.

Улуу кызым экөөбүз Жалал-Абадга өзүмдүн ата-энемдин үйүнө конокко барып келгенбиз. Ал жактан келгенден кийин кызым чоң апасына, "алар орусча сүйлөшөт экен", "майлы" деп айтканда баарыбыз күлгөнбүз», - деди Зарипа жеңе.

З.Төлөбаеванын 2 уул, 2 кыз жана 4 небереси бар. Жолдошу мындан 3 жыл мурун көз жумган. Жеңеке учурда Ж.Шералиев музыкалык мектебинде окуучуларга комуз чертүү боюнча сабак берет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1938
Көп окулду
×