Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Айыл турмушу: Ат-башылык М.Жумаев эмерек жасоочу устакана ачып, айылдаштарын жумуш менен камсыздады (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун 34 жаштагы тургуну Мирлан Жумаев 10 жылдан бери үй эмеректерин жасайт. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, мындан 14 жыл мурун Бишкек шаарына барып, үй эмеректерин жасаганды үйрөнгөн.

«2000-жылы айылыбыздагы №32 кесиптик лицейди аяктап, мал доктур кесибине ээ болдум. Андан кийин борбордогу курулуш ишканаларынын биринде 2 жылга жакын эмгектендим. Ошондой эле, эмерек жасоочу ишканада 3 жыл иштедим. Кийин ижарага имарат алып, эмерек жасоочу устакана ачтым. Ал жерди 2 жыл иштетип, 2010-жылы айылыма келгем. Айылда чакан ишкана ачып, 4 адамды жумуш менен камсыз кылдым. Мындан тышкары, 20га жакын балага эмерек жасаганды үйрөттүм. Учурда алар өз алдынча иштеп жатышат.

Устакананы жаңы ачканда кардарлар аз болчу. Азыр алардын саны көбөйүп калды. Эмеректердин айрымдарын интернеттен көрүп жасасам, калганын кардардын табитине жараша жасап берем. Алар 3500 сомдон жогору бааланат», - деди ал.

М.Жумаев жубайы экөө 1 кыз жана 1 уулдун ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2046
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×