Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 02.02.2018 21:05

Эл ичи — өнөр кенчи: Ат-Башыдагы «Арууке апалар» тобун негиздеген З.Төлөбаева чет өлкөлүктөргө комуз черткенди үйрөттү (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун 52 жаштагы тургуну Зарипа Төлөбаева Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектепте 30 жылдан бери эмгектенип келет. Ал райондо «Арууке апалар» тобун уюштурган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

З.Төлөбаева учурда музыкалык мектепти жетектеп жана окуучуларга комуз чертүү боюнча сабак берет.

«Мен 1987-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында комуз чертүү бөлүмүн кызыл диплом менен аяктагам. Ошондой эле, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун вокал- аркестордук факультетин 1992-жылы сырттан бүтүрдүм. Бишкек шаарындагы №1 музыкалык мектепте 1 жыл комуз чертүү боюнча сабак бердим. Андан кийин Ат-Башы районундагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектепке жумушка орношуп, 1988-жылдан бери окуучуларга комуз чертүү боюнча сабак берип келем. 1991-жылы 12 окуучудан турган «Гүлдөй жан» аталышындагы топ түзгөм. Жети топ чыгарып, учурда дагы 8 топ билим алып жатат. Окуучуларым 18 жылдан бери Нарын облустук «Жаш таланттар» кароо-сынагына катышып, байгелүү орундарды алып жүрүшөт.

Мындан тышкары, бизге Япониядан ыктыярчы болуп келген Маса Ёсе жана даниялык Питер комузга абдан кызыгып, менден сабак алышты. Бири-бирибиздин тилибизди түшүнбөсөк да, нота менен үйрөттүм. Ошондой эле, 2008-жылы 12 ападан турган «Шайыр апалар» тобун негиздедим. Учурда топтун аты «Арууке апалар» деп аталат. Топтогу айымдардын улуусу 78 жашта болсо, кичүүсү 45 жашта», - деди ал.

Өзүнүн айтымында, ар кандай кароо-сынактарга катышып, сыйлыктарга ээ болгон.

«Кароо-сынактардан алган сыйлыктардан тышкары, «Маданияттын мыкты кызматкери», «КРнын билим берүүнүн отличниги», «Мыкты жетекчи», «Ат-Башынын атуулу», «Нарын облусунун мыктысы» жана «Мыкты мугалим» наамына татыдым», - деди ал.

З.Төлөбаеванын 2 кыз, 2 уул жана 4 небереси бар. Жолдошу А.Жумагулов 3 жыл мурун көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×