Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Айыл турмушу: 15 жылдан бери коён баккан М.Байбостоков алардын ар бирин миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылынын 50 жаштагы тургуну Мурзаалы Байбостоков акыркы 15 жылдан бери коён багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

М.Байбостоковдун айтымында, кичинекей кезинен эле коён багууга кызыгып келген.

«Кичинекей чагымда эле коён багам деген кыялым бар болчу. Азыр бала чактагы тилегимди ишке ашырдым десем жаңылышпайм. Биздин айылда коён баккан апа бар эле, андан сурасам "коён багуу оор, сен аны бага албайсың" деп көңүл кош мамиле кылып койгон. Бирок мен ага сынып калбай тескерисинче намыстанып, 2002-жылы Ат-Башы базарынан 100 сомго бир ургаачы коён сатып алдым. Ошондон кийин бул чарбаны улантып кеттим жана көбөйтүүгө бел байладым. Бул жаныбар башка үй жаныбарлардан айырмаланып тартиптүү болушат экен. Бир күндө 2 маал жем жешет жана 2-3 күндө бирден капуста же сабиз жеп турушат. Мындан сырткары өздөрү чөп жешет. Учурда 20га жакын коёнум бар. Бул жаныбар тез көбөйгөндүктөн 2006-жылы санын 700гө жеткиргем», - деди М.Байбостоков.

Коёндун этинин калориясы азыраак болгондуктан көпчүлүгү дарычылыкка алып кетишет.

«Тактап айтканда көз ооруга, кан басымы жогору адамдарга дары. Ал эми жаак сөөктөрүн майдалап тамакка кошуп ичсе адамдын муун ооруларына жакшы. Кол, бут чыгып кеткенде же сынган болсо сөөктү бекемдейт. Терисинин дагы дарылыкка пайдасы көп. Коёндордун баасы 500 сомдон 1000 сомго чейин бааланат», - деди ал.

Фермердин жубайы Г.Өмүралиева экөөнүн баш кошконуна 28 жылдын жүзү болуп, 3 кыз, 4 уулду бирге тарбиялашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 792
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×