Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.02.2018 11:02 Жаңыланды: 05.07.2018 11:27

Келиндин чачын өрүү салты: Ат-Башынын келини сары май менен чач өрүү жөрөлгөсүн айтып берди

Turmush -  Чач — аялзатынын көркү. Көркү эле болбостон илгертеден анын ыйман-ырысы, бактысы, ырыскысы деп эсептелип келген. Кыргызда аялзатынын чачына байланыштуу көп накыл кептер, макал-лакаптар айтылып келет. Ал тургай кызды бойго жеткенде күйөөгө узатып, барган жерине ак жолтой келин болуусун тилеген чачына байланыштуу да каада-салт бар. Ал — келиндин чачын өрүү жөрөлгөсү.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылына келин болгон Баян Сактанбекованын айтымында, бул салт өзгөчө Ат-Башы өрөөнүндө бүгүнкү күнгө чейин сакталып, аздектелип келет. Бул жөрөлгө жаңы үй-бүлө куруп жаткан келиндер үчүн эң сонун тарбия, нуска болуп саналат.

«Мен Ат-Башы жергесинин кызы болгонум менен шаарда өсүп чоңойдум. Өзүмдүн апам дагы Ат-Башынын кызы. Келиндин чачын өрүү салтына агам үйлөнгөндө жана өзүм турмушка чыкканда күбө болдум. Агам келин алып келгенде жеңемдин чачын өрүшкөнү эсимде. Мен дагы Ат-Башыга турмушка чыктым. Алгач мени өз үйүмдөн ата-энем кыз узатуу салты менен узатышты. Андан соң жолдошумдун үйүнүн босогосун аттаарда кайненем оозума сары май салып, кайын журтум баяндын коштоосунда шаң-шөкөт менен тосуп алышты. Кирип бара жатып баарына жүгүнүп жаттым.

Келин болуп келгениме 4 күн болгондо айылдагы улуу муундагы 40ка жакын апа келип, келиндин чачын өрүү салтын жасашты. Бул жөрөлгөгө кайнене өз абысындарын, келиндерин, жакындарын, санаалаштарын, жалпылап айтканда жалаң аялзатын чакырат экен. Ал күнү менин чачымды өрүүгө айылдагы алдыңкы, үлгүлүү, шайыр апалардын баары катышты. Алар мени тегеректеп отуруп алып, чачымды өрүштү. Алгач чачымды толук тарап, экиге бөлүп, таракка сары майдан сүртүп тарашты. Чачын тарап, теңинен экиге бөлүүнүн мааниси жаңы келген келин эки милдетти мойнуна алышы керек. Чоочун үйгө келин болуп жана күйөөгө жар болуп келдиң дегенди түшүндүрөт. Менин чачымды өкүл апаларым өрүштү, себеби жаңы келген келин дагы ушул келиндердин жолун жолдоп, акжолтой, ак жүздүү, өмүрлүк жолдошуна күйүмдүү болсуп деп тилешет экен. Ар бир тараганда, чачты өргөн сайын «ак жолтой келин бол», «кайненеңди тартып, берекелүү келин бол», «келген жериңден бакыт тап», «майлуу-сүттүү бол» дешип, акыл-насаат ырларын, кеп-кеңештерин айтып, чачымды өрүштү. Чач өрүмү ортолоп калганда пахтадан ичке кесилген бантик сыяктуу кебезди чачым менен кошо өрүп, байлап коюшту. Башыма ак жоолукту салып, алдыма карай байлап, артымды салбай жүгүнүп чыгуу керек деп айтышты. Ошентип сары май менен өрүлгөн чачымды пахтадан байлап өргөн байлоосу түшмөйүнчө тарабай, жуубай жүрдүм. Ал 2-3 күндө түшүп калат экен.

Бизге жолдошум экөөбүзгө кыз жана бала тараптан деп эки өкүл апа коюшкан. Алар келиндин чачын өрүү жөрөлгөсүнө бир мал союп келишип, эттерин устукандап, элге ооз тийгиле деп таратып беришти. Кайненем чоң табакка таттуулардын түрүнөн салып, чачыла чачты. Өкүл апаларым мага алтын жана күмүштөн асем буюмдарын белекке беришип, жолдошума калпак кийгизип, кайненеме көрүндүк менен жоолук салышты», - деди Б.Сактанбекова.

Ал белгилегендей, нике кыюу жөрөлгөсүнүн мааниси — жубайлардын ынтымактуу, күйүмдүү болуусу үчүн аларды бири-бирине жипсиз байлоо болсо, чач өрүүдө — ошол ыйык милдетти моюнга алып, турмуштагы бардык ысык-суукту тең көтөрө билүүнү келиндин ой-сезимине, көңүлүнө сиңдирүүнүн мааниси зор.

Мындан тышкары, ал жаңы келген келин ак жоолукту 7 күнгө чейин алды жагына карай байлап жүрөрүн кошумчалады.

«Жаңы келген келин ак жоолугун артына эмес, алдына байлайт. Илгери келиндин чачын өрүү салтында жаңы келген келиндин чачын 40 өрүмгө бөлүп өрчү дешет. Азыр заманга же ыңгайына жараша эки же үчкө бөлүп, сары май менен өрүп коюшат.

Нарында конокту тосуу салты да бир аз өзгөчөлөнөт. Мисалы столду конокко башка жердегидей жер-жемиш, салаттын, нандын, таттуунун түрү менен жасашат. Бирок, этти тартууда алгач коноктордун колуна суу куюп, башка бөлмөгө киргизип, өзүнчө столго устукандар коюлуп, камыр менен берилет. Же жасалган биринчи дасторконду толук жыйнап, кайра жаңы тасмал жайып, эт менен камыр тартылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×