Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.06.2018 19:54

Элет көйгөйү: Дарыгери жетишсиз Кара-Суудагы ФАП (видео, фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын 86 жаштагы тургуну Аскараалы Токтакунов айылда дарыгерлер жетишсиз болгондуктан, жергиликтүү тургундар доктурга көрүнө албай убайым тартып жаткандыгын аймактык кабарчыга билдирди.

Кара-Суу айылында жаңы салынган ФАП бар. Бирок анын ичинде чоң адамдарды кабыл алып, дарылоочу дарыгерлер жок.

IMG-20180607-WA0049

«Илгери союз убагында ооруканалар салынып, жакшы шарттар түзүлгөн. Азыркы күндө андай шарттар түзүлгөн эмес. Адам баласынын жашы өткөн сайын оорулар күчөйт экен. Ооруганда көрүнөлү десек айылыбызда дарыгерибиз жок. Айылда жаңы салынган ФАП бар. Анда элди көрүп, дарылоочу дарыгердин жоктугу бизди өкүндүрөт. Бул жактан ооругандарды Ат-Башыга жиберет, ал жактын дарыгерлери "тигиге бар, буга бар" деп бизди жакшы көрбөйт.Бизге жакын айылдардын тургундары жана Ак-Сай, Арпа жайлоосуна чыккан жашоочулар дагы сыркоологондо убара тартышат. Бул көйгөй облус башчысы А.Кайыповго да айтылган. Маселе чечилет деген. Бирок жооп келе элек. Айылыбыздагы ФАПты кеңейтип, жанына бардык шарттары түзүлгөн оорукана салып койсо жакшы болмок», - деди ал.

Бул маселе тууралуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ж.Тентимишов: «Бул айылга жаңы ФАП салынган. Чындыгында дарыгерлер жетишсиз, биз аларга муктажбыз. Бирок Ат-Башынын ооруканасындагы кызматкерлерге бейтаптар кайрылса, алар милдеттүү түрдө текшерүүсү керек. Бул маселе тууралуу тургундар бизге кайрылса көйгөйдү чечип бергенге аракет кылабыз», - деди ал.

IMG-20180608-WA0001

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×