Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.06.2018 10:15

Ак-Моюн айылындагы 10 жылдык бүтүрүүчүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында 10 жылдык бүтүрүүчүлөр көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын Апыш Койчуманов атындагы орто мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү орозо айында 5 үй-бүлөгө акчалай жардам жана 1 мүшөк ун, 5 кг кумшекер, 5 литр тамак-аш майын, 10 кг кесме беришкен. Ошондой эле ден соолугунан жабыр тарткан тургунга 10 000 сом каражат беришти.

«Эми аталган айылдын 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү кыш мезгилинде аз камсыз болгон 5 үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр түшүрүп берели деп сүйлөшүп жатышат», - деп билдиришти мектеп бүтүрүүчүлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×