Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Жаш талант: «Манас» эпосунан үзүндү айтып сынактарга катышкан Нагима апасындай дарыгер болууну көздөп жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин 5-классынын окуучусу, өрөөндө өткөн «Жашт талант» кароо-сынагынын 11 жаштагы катышуучусу Нагима Тилепова келечекте «Манас» эпосунан үзүндү айтып, дүйнө жүзүн кыдырып келүүнү максат кылууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышып, маек курду.

Өзүнүн айтымында, келечекте апасынын кыялын орундатып, ишин мыкты билген дарыгер болот.

«Ой-Терскен орто мектебинде 5-классты аяктадым. 1-классымдан бери сабактарды жалаң "беш" деген баа менен окуйм. Келечекте кесибин сүйгөн, ишин мыкты билген дарыгер болгум келет. Апамдын дагы билими дарыгер болчу. Айылда апама жумуш жок болгондуктан иштебей калган. Бирок ал азыр айылда курут чыгарган цех ачып иштетип жатат. Апамдын кыялындагы кесипти эми мен улантам.

Мектептен көп иш-чараларда көркөм окуп, комуз чертип, "Манас" эпосунан үзүндү айтып катышам. 1-классымдан баштап эле "Манас" эпосунан үзүндү жаттап айтып баштагам. Мугалимдерим жактырып, "Жаш талант" сынагына дагы ушул өнөр менен катышып баштадым. Эми бул сынактан дагы алдыңкы орундарды алып, республикалык сынакка катышканга аракет кылам.

Мурун, кичирээк кезимде журналист болгум келчү. Бирок азыр дүйнө жүзүн кыдырып, «Манас» эпосунан үзүндү айткым келет. Ал үчүн дагы көп даярданып, чет тилдерин дагы үйрөнөм. Корея өлкөсү, тили мага аябай жагат. Кийин ал жакты сөзсүз көрүп келем», - деди ал.

Жаш талант Нагима бош убактысын жөн кетирбей ийримдерге катышып, андан сырткары апасынын жумушуна дагы жардам берет.

«Мектептен тараганда үйгө келип, сабактарымды окуп бүткөндө комуз ийримине барып турам. Атам биз кичирээк кезибизде каза болуп калган. Апамдын курут чыгарган жумушуна барып, колумдан келген иштерди жасап, дайыма жардам берем. Кээде бош болуп калганда жаратылышты, мультфильмдердеги каармандарды чагылдырып сүрөт тартып отурганды жактырам», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 948
Көп окулду
×