Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.06.2018 14:48

Ат-Башыдагы эскилиги жеткен «Чатыр-Көл» кинотеатры толугу менен оңдолууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунда «Чатыр-Көл» кинотеатры толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул кинотеатр көп жылдардан бери мындай оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында театр толугу менен оңдолуп, Ат-Башы элине эшигин ачмакчы. Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Жумагүл Тентимишовдун айтымында, өлкө бюджетинен 6 миллион сом бөлүнүп, азыркы тапта оңдоп-түзөөнүн 70 пайызы бүткөрүлүп калды.

«Дагы алдыда 6 миллион сом бөлүнсө, ичи-тышы жана сахнанын көшөгөлөрү, отургучтары толук жаңыртылып, күз айлары менен ат-башылыктарга жакшы жаңылык кылып, эшигин ачып калат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×