Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 11.06.2018 17:46

Ат-башылык айдоочулар Ат-Башы—Ача-Кайыңды жолунун оңдолбогонуна нааразы (видео, фото)

Turmush -  Ат-Башы районунда Ат-Башы—Ача-Кайыңды унаа жолу менен Шаршенаалы Нурмамбетов атындагы көпүрөнүн жолу көптөн бери оңдолбой келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү айдоочулар билдирип, нааразы болушту.

Алардын айтымында, жыл сайын көпүрөнүн эки жагындагы тосмолору сырдалып, ал эми жолу оңдолбойт.

«Убагында бул көпүрөнү демөөрчү бир эле унаа өткөнгө ылайыктап салган. Айдоочулар буга деле көнүп, бири-бирибизди күтөбүз. Бирок Шаршенаалы Нурмамбетов атындагы көпүрөнүн жыл сайын эки тосмосу сырдалат да, ал эми жолу оңдолбой ошол бойдон кала бергени бизди өкүндүрөт. Көпүрөдөн ары айылга кетчү жолдун 200 метр аралыгы дагы өтө начар. Жолдор оюлуп, жеңил унаалар өтө албай кыйналабыз», - деп билдиришти тургундар.

Бул маселе тууралуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жумагул Тентимишов: «Ат-Башы—Ача-Кайыңды жол каттамындагы көпүрөнүн аркы жана бери өйүзүндөгү жол райондогу жол тейлөө мекемесине тиешелүү. Жолдордун айрым тилкеси асфальтталган болсо, айрым бөлүгү шагыл. Биз жол тейлөө мекемесинин карамагындагы жолго рейд жүргүзгөнбүз. Буюрса Ат-Башы айылынан баштап Өзгөрүш айылына чейинки жолдор быйылкы жылы жасалып, көзөмөлгө алынат. Оңдоп-түзөө иштери башталууда», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×