Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.06.2018 10:34

Жаш талант: 12 жаштагы бийчи Зейнеп бир топ сынактардын жеңүүчүсү болгон (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 12 жаштагы тургуну Зейнеп Кылычбекова 2 жылдан бери бий ийримине барып, көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, бийге кичинекей кезинен бери кызыгып жүргөн.

«Мен бийлөөгө абдан кызыгып жүрчүмүн. 10 жашымда апам айылыбыздагы балдар билим борборундагы бий ийримине берген. Ошондон азыркы күнгө чейин Фарида эжейден бий боюнча сабак алып, кароо-сынактарга катышып жана туугандар арасында тойлордо бийлеп келем. Учурда бийдин 4 түрүн билем», - деди ал.

Зейнеп бийлөөдөн сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенип келет.

«Чоң энем ишмер айым болгондуктан, аны көрүп, кызыгуум артып үйрөнүүдөмүн. Учурда байпак, башмактарды түйүп, жакындарыма белекке тартуулайм жана кездемеге майда шурудан сайма саям. Келечекте элиме жакшы кызмат көрсөткөн мыкты дарыгер болууну кыялдануудамын», - деди жаш талант.

Кылычбекова үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×