Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 13.06.2018 16:18

Айыл турмушу: Уста А.Мааткабылов айылдаштарына эмеректердин түрүн жасап берүүдө (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын 50 жаштагы тургуну Ажыбек Мааткабылов 25 жылдан бери устачылык менен алектенип, айылдаштарынын табитиндегидей үй куруп жана эмеректерин жасап келет. Анын жасаган кол эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, устачылыкка бала кезинен бери кызыгып жүргөн.

«Мен устачылык өнөргө бала кезимден бери абдан кызыгып, комузда дагы кол ойнотуп жана комуз жасагым келип жүргөн. Алгач 25 жашымда улуттук аспабыбыздын кандай жасалышын карап, өзүмө ылайыктап комуз жасап көрдүм. Оюмдагыдай комуз чыккандыктан, жасаса болот экен деп өз алдымча жыгачтан жасалчу эмеректердин бардыгын үйрөнүп, жасап кеттим. Ошондон азыркы күнгө чейин кардарларымдын табитиндегидей кылып, буйрутма менен үй эмеректерин жасайм. Жасагандарымдын баалары курулуш тетиктерине жараша болот. Эмгектеримди буйрутма менен гана эмес, базарга дагы алып чыгып сатып келем. Ошондой эле, 25 жылдан бери курулуш фирмаларында эмгектенип, керме шыптардын жана заманбап тепкичтердин түрүн жасап, темир устачылык менен да алектенип, өзүмдүн табитимдегидей кылып дарбазаларды жасайм.

Алдыда айылыбызга устакана ачып, жумушсуз жүргөн айылдаштарыма үйрөтөйүн деген оюм бар», - деди уста.

Анын жубайы Э.Сыргалиева экөөнүн баш кошконуна быйыл 17 жылдын жүзү болду. Алардын 3 кызы, 1 уулу жана 1 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×