Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 15.06.2018 15:28

Ат-Башыдагы шал оорусу менен жабыркаган балдарга жана алардын энелерине белектер тапшырылды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу айылдардагы шал оорусу менен ооруган балдарга жана аларды баккан энелерге белектер берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш, Биринчи Май, Талды-Суу жана Баш-Кайыңды айылдарындагы шал оорусу менен ооруган 9 балага жана алардын энелерине демөөрчү үй-бүлө тарабынан белектер, азык-түлүк салынган баштык тартууланып, жалпы энелерге ыраазычылык айтылды. Ал эми энелер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген айрым балдар жерге жакшы отура албагандыгын айтып, майып арабага муктаж экендигин билдиришти. Ошондой эле, алар майып балдарын баккан энелерге мамлекет тарабынан жөлөк пул каралышы керектигин кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×