Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.06.2018 09:57

Айыл турмушу: 10 жаштагы соодагер Нуриза жол боюнда кымыз сатып, жакындарына жардам берүүдө (видео, фото)

Turmush -  10 жаштагы Нуриза Ысмайылова Ат-Башы—Нарын унаа жолунун боюнда кымыз сатып отурат. Ал 100 сомдон сатылуучу кызмыздын 1 литрин 70 сомдон арзандатып сатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Маалым болгондой, Нуриза күнүгө 8 литрге чейин кымыз сатат.

«Кымыз 100 сом, бирок 70 сомдон эле сатам. Эжемдердикине жардам беришкени жана бала карашканы келгем. Айран, сүт дагы сатам. Аларды деле жүз сомдон сатам. Эжем айран уютам деген. Эми аны дагы алып келем. Кымыздарды алып келгенге байкем жардамдашат. Акча санаганды билем. Кечке чейин 5-6-8 литрге чейин кымыз сатам», - деди ал.

Нуриза мектепте жакшы окуйт. Чоңойгондо кийим тигүүчү цехте иштеп, келечекте банк кызматкери болууну кыялданат.

«Мектептен жалаң "беш" алып, жакшы окуйм. Чоңойгондо кийим тигүүчү цехте иштейм, андан кийин кайра банкка жумушка кирем. Банкта иштеген жагат», - деди ал.

Кардарлардын көбү Нуризанын эч кошулмасы жок даамдуу кымыз сатып жатканына кубанышса, айрымдары кичинекей кыздын тыкылдап, кардарларынын көңүлүн алып, арзандатуу менен сатып жатканына таң калып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×