Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Айыл турмушу: «Ардактуу айым» наамы менен сыйланган Ж.Исакова кол өнөрчүлүк менен киреше табат (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 65 жаштагы тургуну Жамила Исакова кол өнөрчүлүк менен алектенип, фестивалдарга катышып келет. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Чебердин айтымында, кесиби боюнча тикмечи.

«1972-жылы тигүүчүлүк кесипке ээ болуп, Нарын шаарында 1 жыл тикмечи болуп эмгектендим. Негизи кичинемден эле кол өнөрчүлүккө шыгым бар болчу. Бирок кол өнөрчүлүк менен алек болгон эмесмин. Союз таркагандан кийин киреше табуу максатында кол өнөрчүлүк менен алектенип, ага болгон кызыгуум арта баштады. Учурда килемче, туш кийизге сайма сайып, баш кийимдердин түрүн, жолук, моюн орогуч, чыптама, байпак, башмак түйүп, өзүбүздүн жана башка айылдагы дүкөндөргө коюп сатуудамын. Ошондой эле шырдак жасап, өлкө аймагындагы кардарлар менен буйрутма аркылуу иштешем. Мындан тышкары 15 жылдан бери фестивалдарга катышып, сыйлыктарга татыктуу болдум. Неберем Нурпери мага жардам берип, жолумду жолдоодо», - деди ал.

Ж.Исакова Кыргыз Республикасынын «Ардактуу айымы» жана Нарын облусунун «Өмүрү өрнөк жубайлар» наамдары менен сыйланган. Жолдошу Т.Ашырбаев экөөнүн бирге түтүн булатканына быйыл 45 жылдын жүзү болду. Алар 5 бала жана 18 неберенин ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1411
Көп окулду
×