Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.06.2018 12:18

Айыл турмушу: Өмүрлүк жарын коноктон тапкан кол өнөрчү Ш.Сеитказиева майрамдарда ырчы да болот (фото)

Turmush -  Убагында каз, тоок багып, шырдактын түрүн жасаган Шааркүл Сеитказиева учурда үйүндө гүлдүн түрүн өстүрүп, курак курап, ар түрдүү белектерди жасайт. Ошондой эле айыл ичиндеги майрамдык кечелерде созолонто ырдап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Шааркүл Сеитказиева Ак-Талаа районунун Баетов айылында 1962-жылы төрөлгөн. 7 бир тууган. 19 жашында учкундук жигитке турмушка чыккан. Кызыктуу күндөрдөн баш айланат деген жеңенин учурда 9 баласы жана 2 небереси бар.

«19 жашымда Учкун айылына конокко барып, өмүрлүк жарымды тапкам. 9 баланы төрөдүм, азыр 4 балам бар, 5 балам чарчап калган. Жолдошумдун көзү өтүп кеткенине көп болуп калды. Адамга көнүп алган жаман тура. Айыл ичинде жумуш болбогондуктан убагында ангор эчки бактык, тоок, каздын түрлөрүн бакчубуз. Азыр үйдө жер-жемиш өстүрөм. Аларды сатып алгандан көрө ырас эле болот экен. Шырдак кармайм, жер төшөк, курак курайм, гүл өстүрөм, бала кезимден гүлдү жакшы көрөм. Бээ саап ичебиз. Айыл ичинде концерттик программа, сынактар болсо ырдайм. Эркек кишинин деле, аялдардын деле жумушун жасайм, балдарыма жардам берем. Алдыда балдарым үйлөнүп-жайланып очор бачар болсо деп ойлойм. Отура калганда бала кездегини эстеп сүрөт тартып, ар кандай белектерди жасай коймой өнөрүм бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×