Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Жаш талант: Бийчи Н.Таштанбекова кароо-сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 9 жаштагы тургуну Наргиз Таштанбекова 4 жылдан бери бий ийримине жана көптөгөн кароо-сынактарга катышып келет. Жаш талант менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Өзүнүн айтымында, апасынын бийлегенин көрүп, бийге кызыгып калган.

«Менин апам Фарида абдан жакшы бийлейт жана ал айылдагы балдар билим берүү борборунда бий ийриминен сабак берет. Кичинекей кезимде апамдын бийлегенин көрүп, бийге абдан кызыгып, 5 жашымдан бери апамдан бийден сабак алып келем. Учурда бардык элдин улуттук бийлерин билем жана 2 жылдан бери кароо-сынактарга катышып, 1-орундардын ээси болуп, ардак грамоталар менен сыйланып келем. Бирок, былтыркы жылы "Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам" деген республикалык сынактан 4-орунга ээ болуп, кызыктыруучу сыйлык алгам. Ошондой эле мектептен концерттик иш-чараларда ырдап, бийлейм. Ырдоого дагы абдан кызыгып, көбүнчө орусча ырларды ырдайм. Келечекте С.Каримовадай ырчы болгум келет», - деди ал.

Наргиз ырдап жана бийлөөдөн тышкары кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Эки жылдан бери айылдагы балдар билим берүү борборундагы Космира эжеден кол эмгек сабагынан билим алып келем. Эжейимден шурудан сөйкө, шакек, браслет жасаганды үйрөнүп, аларды эжекелериме, курбу кыздарыма, апама белекке тартуулап, көңүлдөрүн алам», - деди ал.

Таштанбекова үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү. Ал айылдагы Карыбек уулу Акматаалы орто мектебинин 3-классын аяктады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 935
Көп окулду
×