Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Кыргызстандын жаратылышы: Ак-Сайдагы Көл-Суу көлүнүн  соолуган учуру сүрөткө тартылып калды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү Көл-Суу көлүнүн соолуган учуру сүрөткө тартылып калган.

Көл-Суу 4-5 жылда бир жолу кыш мезгилинен кийин соолуп турат. Мындан 3 жыл мурда дагы ушундай учур катталган.

Көл деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте, Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө, Кытай менен чектешкен жогорку Курумдук дарыясына чукул жайгашкан. Күчтүү жер титирөөдөн улам пайда болгон жана эң кооз көлдөрдүн катарын толуктайт. Көлгө жол тандабастар менен жана ат менен барууга болот. Эң негизиси көлдү көрүү үчүн чек ара кызматына кайрылып, уруксат алуу керек.

Көл-Суу эки асканын ортосунда жайгашып, узундугу 10,5 км, туурасы 0,5-2 км, аянты 4,5 чарчы км, суунун көлөмү 338 млн куб метрди, тереңдиги 10 метрди түзөт. Көлдүн аймагы деңиз деңгээлинен бийик болгондугуна байланыштуу суук келет. Жайында абанын күндүзгү жана түнкү температурасы -14... -16 градустан төмөн болот. Бул аймакта жай мезгили 10-июлдан 5-августка чейин болот.

Сүрөттөр мындан 2 жума мурда тартылып алынган

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2364
Көп окулду
×