Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.06.2018 09:17

Айыл турмушу: 27 жаштагы Эрлан Ача-Кайыңдыда пескоблок чыгаруучу цех ачып, 4 айылдашын жумуш менен камсыздады (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын 27 жаштагы тургуну Эрлан Жекшенбек уулу айылына пескоблок чыгаруучу чакан цех ачып, айылдаштарын жумуш орду менен камсыздоодо. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата айылына ишкана ачууну көздөгөн.

«Быйыл айылыбызга салым кошуу жана үй салгандарга жеңилдик кылуу максатында пескоблок чыгаруучу ишкана ачтым. Учурда ишканада 4 адам жумуш орду менен камсыздалып, 1 айдан бери иштеп жатат. Пескоблок менен гана чектелип калбастан, алдыда таман таш дагы иштеп чыгалы деп пландап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×