Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

«Кутурмадан 50 кой кырылды»: Ат-Башыдагы ооруканага жаткандар үйүнө чыгарылды

Turmush -  Ат-Башы районунун Казыбек айыл аймагына караштуу Арпа жайлоосунун Чырмаш тилкесинде К.Ж.нын койлоруна ушул жылдын 16-майында карышкыр кол салып, бирок мал ээси бул окуя тууралуу эч кимге билдирген эмес.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 11-июнда К.Ж.нын кой-козулары өлө баштаганда (50 баш кой-козу), ал райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгына билдирип, 1 баш козунун тарпын жиберген. Ал атайын текшерүүдөн өтүп, 13-июнда Республикалык ветеринардык лабораториясынын вирусология бөлүмүнүн жыйынтыгы боюнча кутурма оорусу аныкталган.

«Райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан жана ветеринардык башкармалыктан 5 кызматкер ооруну жок кылуу жана оорунун алдын алуу иштерине тартылды. Арпа жайлоосунун Чырмаш тилкесинде 500 баш майда жандыктар, 70 баш жылкы, 6 баш ири мүйүздүү мал жана 4 ит кутурма оорусуна каршы эмделди. Ал эми райондук аймактык ооруканада дарыланып жаткан 2 адам 18-июнь күнү үйлөрүнө чыгарылды», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Нарындын Ат-Башы районундагы ооруканага 16 адам кутурма оорусуна байланыштуу кайрылган. Бул айылдагы мал-жандыктар Арпа жайлоосуна чыгарылган болчу.

Жайлоо Арпа в Ат-Башинском районе

Ооруканага кайрылгандардын тизмеси

- 1961-жылы туулган С.А., Бишкек шаарынын тургуну (жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган);

- 1981-жылы туулган К.О., Казыбек айылынын тургуну;

- 1981-жылы туулган Ж.К., Казыбек айылынын тургуну;

- 1963-жылы туулган И.А., Казыбек айылынын тургуну;

- 1992-жылы туулган Ж.К., (Казыбек);

- 1992-жылы туулган Т.А., (Казыбек);

- 2002-жылы туулган К.Д., (Казыбек);

- 2003-жылы туулган Т.А., (Казыбек);

- 2004-жылы туулган К.А., (Казыбек);

- 2011-жылы туулган К.А., (Казыбек);

- 2016-жылы туулган К.Н., (Казыбек);

- 2010-жылы туулган К.А., (Казыбек);

- 2013-жылы туулган К.Р, (Казыбек);

- 2014-жылы туулган Т.С., (Казыбек);

- 2017-жылы туулган Т.У., (Казыбек).

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жумагул Тентимишовдун айтымында, Казыбек айылынан Арпа жайлоосуна чыккан тургундун малына карышкыр кол салган. Бул окуядан кийин мал ээси менен ветеринар койдон кутурма оорусунун белгилерин байкап, Бишкек шаарына текшерүүгө жөнөтүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен малга кутурма оорусу жукканы аныкталды.

«Бизге маалымат жеткенде дароо санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү, ветеринардык жана медициналык дарыгерлер, айыл өкмөт башчы менен бирге кутурма оорусу чыккан Арпа жайлоосуна ыкчам текшерүү уюштурдук. Ал үй-бүлөдөгү 7 адам жана ошол учурда алар менен байланышта болгон тааныштары — жалпы 16 адам ооруканага келип, кутурмага каршы эмдөө алышты.

Ал эми малдарга керектүү дары-дармектер жөнөтүлдү. Өлгөн малдар өрттөлүп, жерге көмүлүп, хлорлонду. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат», - деген Ж.Тентимишов.

Казыбек айылынын тургундарынын айтымында, кутурма оорусу жуккан мал ээсинин короосуна карышкыр кол салганда 7-8 баш мал жабыркаган. Аларды айыктыруу үчүн керектүү дарылар колдонулганы менен жыйынтык чыкпай, андан шектенген тургун текшерүүгө алып барган. Ал эми айрым тургундар өлгөн мал дароо көмүлбөй, илинип турганын айтышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1073
Көп окулду
×