Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.06.2018 17:22

«Кутурмадан 50 кой кырылды»: Ат-Башыда ооруга чалдыккан малды сойгон 2 адам эмдөөдөн өттү

Turmush -  Ат-Башы районунун Казыбек айыл аймагына караштуу Арпа жайлоосунун Чырмаш тилкесинде К.Ж.нын койлоруна карышкыр кол салып, бирок мал ээси бул окуя тууралуу эч кимге билдирген эмес.

Нарын райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Нуржан Бакаеванын айтымында, ушул жылдын 11-июнунда кой-козулары өлө баштаганда райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгына билдирип, 1 баш козунун өлүгүн ала келген. Козунун башы ветеринардык, санитардык эрежеге ылайык кесилип, кутурма оорусуна карата текшерүү үчүн республикалык ветеринардык лабораториясынын вирусология бөлүмүнө 12-июнда жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында протоколдун негизинде кутурма оорусу аныкталган.

14-июнда Райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн жардамчы эпидемиологу, ветеринардык башкармалыктын кызматкерлери менен бирдикте эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Арпа жайлоосунун Чырмаш тилкесине жиберилген. Жеринде иликтөө иштери жүргүзүлүп, 16-майда К.Ж.нын короосуна карышкыр кеч курун кол салып, 20га чукул козу-кой өлгөнү аныкталган. Койлордун кээ бири жардан учуп өлгөн.

Малчынын айтымында, чала жан болгон козуну мууздап, чогуу эс алып баргандар (кымыз ичкени баргандар) менен тамактанышкан. Андан кийин 3-июндан баштап кой-козулары баштарын жерге салып, жакшы баса албай, өлө баштаган. Ушул күнгө чейин жалпы 50 баш кой-козу өлгөн. Ошондуктан Казыбек айылынын ветеринардык адисине билдирип, натыйжада кутурма оорусу аныкталган. Жайлоодо бардыгы 16 адам болгон. Мындан сырткары Казыбек айылынан барган тууганы бир кой алып келип сойгон.

Мал ээси — 1981-жылы туулган К.Ж. жана бир тууганы К.уулу О. экөө козуну союшкан. К.Ж. аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө көзөмөл жүргүзүүгө жаткырылган.

Ошондой эле ветеринардык башкармалыгы тарабынан 500 койго, 70 баш жылкыга, 6 уй-торпоко, 4 итке кутурма оорусуна караштуу эмдөө жүргүзүлдү. Райондук мамлекеттик администрацияда тиешелүү мекеме-жетекчилери менен штаб өткөрүлдү. Учурда бул иш көзөмөлгө алынууда.

Ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Нуржан Бакалова белгилегендей, тургундар кутурма оорусун жуктурду деген далил жок. Бирок ошол учурда байланышта болгон бардык адамдарга эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми мал ээси К.Ж. Ат-Башы райондук хирургия бөлүмүндө 1 күн медициналык көзөмөл жүргүзүү үчүн жаткырылган. Анткени тиешелүү дары сайылган учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу шарт.

«Бул оору жылда мал арасында катталып турат. Негизинен карышкыр, түлкү кол салган малга жугат. Анткени жаратылышта кутурма оорусунун вирустары жашайт. Аны жуктурган жапайы жаныбарлар малга кол салат. Кутурма оорусун жуктуруп алгандагы белги ар кандай болот. Мисалы, тиштелсе жана башынан, колунан жараат алса 45 күнгө чейин билинет. Жогорудагы 18 кишиге бул оору жукту деп айтканга болбойт. Алар чала жан болуп калган малдын этин жешкен. Бирок бышкан этте вирустар өлөт. Ал эми кутурма койду сойгон эки эле адам болгон. Аларга шарттуу эмдөө жүрөт. Калган 16 адамга болгону алдын алууга эмдөө курсу сайылды. Эгер союлуп жаткан учурда колунда жарат болуп, медициналык кол каптарды кийбей, санитардык эрежелерди бузса анда ал адамга кутурма оорусу жугат. Ал эми бул мал ээлери ветеринардын көзөмөлүндө союп, анализге жөнөтүшкөн», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Нарындын Ат-Башы районундагы ооруканага 16 адам кутурма оорусуна байланыштуу кайрылган. Бул айылдагы мал-жандыктар Арпа жайлоосуна чыгарылган болчу.

Жайлоо Арпа в Ат-Башинском районе

Ооруканага кайрылгандардын тизмеси

- 1961-жылы туулган С.А., Бишкек шаарынын тургуну (жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган);

- 1981-жылы туулган К.О., Казыбек айылынын тургуну;

- 1981-жылы туулган Ж.К., Казыбек айылынын тургуну;

- 1963-жылы туулган И.А., Казыбек айылынын тургуну;

- 1992-жылы туулган Ж.К., (Казыбек);

- 1992-жылы туулган Т.А., (Казыбек);

- 2002-жылы туулган К.Д., (Казыбек);

- 2003-жылы туулган Т.А., (Казыбек);

- 2004-жылы туулган К.А., (Казыбек);

- 2011-жылы туулган К.А., (Казыбек);

- 2016-жылы туулган К.Н., (Казыбек);

- 2010-жылы туулган К.А., (Казыбек);

- 2013-жылы туулган К.Р, (Казыбек);

- 2014-жылы туулган Т.С., (Казыбек);

- 2017-жылы туулган Т.У., (Казыбек).

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жумагул Тентимишовдун айтымында, Казыбек айылынан Арпа жайлоосуна чыккан тургундун малына карышкыр кол салган. Бул окуядан кийин мал ээси менен ветеринар койдон кутурма оорусунун белгилерин байкап, Бишкек шаарына текшерүүгө жөнөтүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен малга кутурма оорусу жукканы аныкталды.

«Бизге маалымат жеткенде дароо санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү, ветеринардык жана медициналык дарыгерлер, айыл өкмөт башчы менен бирге кутурма оорусу чыккан Арпа жайлоосуна ыкчам текшерүү уюштурдук. Ал үй-бүлөдөгү 7 адам жана ошол учурда алар менен байланышта болгон тааныштары — жалпы 16 адам ооруканага келип, кутурмага каршы эмдөө алышты.

Ал эми малдарга керектүү дары-дармектер жөнөтүлдү. Өлгөн малдар өрттөлүп, жерге көмүлүп, хлорлонду. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат», - деген Ж.Тентимишов.

Казыбек айылынын тургундарынын айтымында, кутурма оорусу жуккан мал ээсинин короосуна карышкыр кол салганда 7-8 баш мал жабыркаган. Аларды айыктыруу үчүн керектүү дарылар колдонулганы менен жыйынтык чыкпай, андан шектенген тургун текшерүүгө алып барган. Ал эми айрым тургундар өлгөн мал дароо көмүлбөй, илинип турганын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×