Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Жаш талант: Ат-башылык бийчи Асема кароо-сынактардан байгелүү орундарды алууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы Абдыралы Керимбеков атындагы орто мектебинде быйыл 3-классты аяктаган Асема Самикова 3 жылдан бери бий ийримине барып жана сынактардан байгелүү орундарды алып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, бийлөөгө абдан кызыгып, 7 жашында бий ийримине бара баштаган.

«Мен бийлөөгө аябай кызыгып, апам 7 жашымда айылдагы балдар билим берүү борборундагы бий ийримине берген. Ошондон бери Фарида эжейден бий боюнча билим алып, кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келем. Мектеп ичинде дагы концерттик иш-чараларда бийлеп жана туугандар арасында тойлордо бийлеп келем. Бош убактымда көбүнчө бий менен алектенип, сүрөт тартам. Келечекте башталгыч класстын мугалими жана бийчи болгум келет», - деди ал.

Жаш талант үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1020
Көп окулду
×