Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Айыл турмушу: 16 жашында кыргыз күрөш менен алектенген Н.Нарындыков спортто ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылынын 20 жаштагы тургуну Нурбек Нарындыков 2 жылдан бери спорт менен алектенип, бир топ мелдештердин жеңүүчүсү болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, спортко аябай кызыгып, көптөгөн мелдештерге катышып келет.

«Атам аскер кызматкери болгондуктан, спортко абдан кызыгам. Айылда мектепте окуп жүргөн кезимде тактап айтканда 16 жашымда кыргыз күрөш жана бокска 2 жыл бардым. Учурда спорттун түрлөрү менен машыкпасам дагы, чуркап денемди чыңдап турам. Ошондой эле спорттук мелдештерге калбай катышып келем десем жаңылышпайм. Үстүбүздөгү жылдын март айында айылыбызда өткөн "Кожомкул балбан" аттуу мелдешке катышып, эң жаш оюнчу аталып, 2-орунду алдым. Негизи бул мелдешке салмагы 90 килограммдан өйдө балбан жигиттер чакырылган. Бирок салмагым ага чыкпагандыктан, албай жатып алышкан. Буга чейин мектепте окуп жүргөндө жана жогорку окуу жайда дагы күрөш жана чуркоо боюнча мелдештерге катышып, баш байгелерге ээ болуп келгем. Алдыда спорттун түрүнө кирген боксту улантып, дүйнөлүк мелдештерге чейин барууну пландап жатам. Спорттон тышкары ыр жазып, ырдап калам», - деди ал.

Нурбек үй-бүлөдө 7 бир туугандын үчүнчүсү. Ал Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк «Манас» университетиндеги биология факультетинин 2-курсун аяктады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1428
Көп окулду
×