Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 23.06.2018 12:58

Видео, фото — Ат-Башыда улуттук оюндардын коштоосунда кымыз фестивалы өттү

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ой-Карагай жайлоосунда райондук деңгээлдеги «Кымыз фестивалы-2018» иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 20-июнда өткөн фестивалга жалпы 400дөй адам күбө болду. Кымыз фестивалы «Нак кымыз», «Бал кымыз», «Гүл кымыз» жана «Саамал кымыз» аттуу төрт наам менен өтүп, 8 айыл өкмөтү катышты. Атайын комиссия ар бир кымызга өз бааларын беришип, жыйынтыгында 4 номинацияга 4 айыл өкмөтү ээ болушту.

Сыйлык ээлери Ат-Башы райондук администрациясы тарабынан атайын дипломдор жана 4000 сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышты. Мындан тышкары фестиваль ыр кесе, салттуу көрүнүштөр жана бука тартыш, аркан тартыш өңдүү улуттук оюн-зооктор менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×