Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 22.07.2018 11:40

Айыл турмушу: Кол өнөрчү А.Алымкулов шакирттерине кийизден түрдүү буюмдарды жасоону үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 49 жаштагы тургуну Асанбек Алымкулов 23 жылдан бери айылдагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинде сүрөт жана кол эмгек сабагынан окуучуларга билим берип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, бала кезинен бери атасына жардам берип жүрүп кол өнөрчүлүккө кызыгып калган. Кийин кызыгуунун арты менен жогорку билимге ээ болуп, учурда кыздарга улуттук буюмдарды жасоону үйрөтөт.

«Өзүм малчынын уулу болгондуктан жайлоого мал багып чыгып жүрдүк. Ошол кезде атам ат жабдыктардын түрүн жасачу. Анын жасаганын көрүп, кызыгуум артканда өз алдымча үйрөнүп, кол өнөрчүлүктү толугу менен өздөштүрүп кеттим. Кызыккан ишимди улантуу максатында 1989-жылы Сүймөнкүл Чокморов атындагы окуу жайдын кайыш иштетүү жана андан буюм жасоо жагын аяктап, 1990-жылдан 1995-жылга чейин Нарын шаарындагы “Кыял” кол өнөрчүлүк бирикмесинде иштедим. Ошол эле жылы Ак-Муз айылындагы Боогаачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинде окуучуларга сүрөт жана кол эмгек сабагынан азыркы күнгө чейин билим берип келем. Мектепте балдарга жана кыздарга кыргыздын буюмдарын жасоону үйрөтөм. Шакирттериме үйрөтүүдөн мурун өз алдымча даярданып, көргөзмө куралдарды камдап алам. Бул ишти жалгыз гана аялзатына тиешелүү деп ойлобойм. Билгенибизди, кыргыздын улуттук баалуулуктарын жаштарга, урпактарыбызга үйрөтүү ар бирибиздин милдетибиз деп эсептейм», - деди кол өнөрчү.

Мугалим буга чейин көптөгөн грамоталар менен сыйланып, 2011-жылы билим берүүнүн отличниги болгон.

Жубайы Гүлжан Жекшенова экөөнүн баш кошконуна быйыл 22 жылдын жүзү болду. Кесиби боюнча ал дагы англис тилчи мугалим. Учурда алар 1 кыз, 2 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×