Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Айыл турмушу: Ж.Мамбетакунов айылында заманбап тосмолорду чыгаруучу цех ачып, 2 жердешин жумуш менен камсыз кылган (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын 50 жаштагы тургуну Жоро Мамбетакунов айылына ишкана ачып, 3 жылдан бери заманбап тосмолорду чыгарып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, курулуш фирмасында көп жыл эмгектенип, кийин долбоор жазып, анын негизинде ишкана ачкан.

«Мен 25 жыл курулуш фирмаларында эмгектендим. 3 жыл мурун өзүмдүн каражатыма евротосмолор чыгуучу ишкана ачып, учурда ушул цехти иштетип жатам. Идеялардын кээ бири жеке өзүмө таандык болсо, кээ бири интернеттен алынат. Нарын шаары, Ат-Башы районунун бүт айылдары бизге жакын болгондуктан, буйрутма менен алып кетишет. Ошондой эле былтыркы жылы долбоор жазып, быйыл жаздан тарта септиктерге шакекчелерди чыгара баштадык. Учурда ишканада 2 адам иштейт», - деди ал.

Жубайы А.Сыдыкова экөөнүн баш кошконуна быйыл 25 жылдын жүзү болду. Алардын учурда 2 кыз, 2 уул жана 1 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 785
Көп окулду
×