Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.06.2018 12:49

Жаш талант: Чимириле бийлеген Самара өрмөк согуп, түймөнүн түрүн түйөт (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 14 жаштагы тургуну Самара Осмонкулова түймө түйүп, алты жылдан бери бийлеп, кароо-сынактарга катышып келет. Быйыл ал өрмөк сокконду үйрөндү. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш таланттын айтымында, боз үйдүн жасалгаларын көрүп, өрмөк согууга кызып калган.

«Мен боз үйдүн жасалгаларын көрүп, кызыгып жүрчүмүн. Ошондон улам өрмөк сокконду айылыбыздагы кол өнөрчү Турдубүбү ападан бир жуманын ичинде үйрөндүм. Бош убактымда боз үйдүн жээктеринин түрүн, сумка согом. Бул өнөр боюнча быйыл биринчи жолу фестивалга катыштым. Буюрса дагы көптөгөн көргөзмөлөргө барам деген пландарым бар. Мындан тышкары, 5-классымдан бери кол эмгек ийримине барып, жиптен жана жүндөн түймө түйгөндү Нуржан эжеден үйрөнүп, өзүмө керектүү, жылуу баш кийимдердин түрүн, моюн орогуч, сумка, байпак, башмактарды түйүп алам. Ошондой эле кагаздан түрдүү баалуу белектерди жасап, үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери киреше табам жана жакындарыма белекке берип көңүлүн алуудамын», - деди ал.

Самара келечекте бийчи жана журналист болууну кыялданат.

«Бийге мектепке бара элек кезимде эле кызыкчумун. Окууга киргенден кийин бий ийримине барып, Байыш агайдан 6 жылдан бери билим алып келем. Учурда 8 бийдин түрүн билем. Мектепте концерттик иш-чараларда бийлеп жана көптөгөн сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келүүдөмүн. Келечекте бийчи жана журналист болууну кыялданам», - деди ал.

Самара Осмонкулова үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү. Ал быйыл айылдагы Боогачы Жакыпбек уулу орто мектебинин 7-классын аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×