Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.07.2018 23:27

Айыл турмушу: Элеттик наабайчы У.Жумагулов тандырга нан жаап киреше табууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын 33 жаштагы тургуну Улан Жумагулов бир жылдан бери таттуу жана тандыр нандарды жасап, үй-бүлөсүн багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, нан жасоону Бишкек шаарында иштеп жүргөндө үйрөнгөн.

«Мен мектепти бүткөндөн кийин 2000-жылы Бишкек шаарына иштөө үчүн баргам. Ал жакта базарлардын биринде досум тандыр нан бышырып иштечү. Андан нан жасоону 15-20 күндүн ичинде үйрөндүм. Кайрадан айылыма келип, майда-чүйдө иштер менен алектенип калдым. Кийин апам (кайненеси) 2006-жылы нан бышыруучу ишкана ачып, таттуу нандарды чыгарып баштаган. Былтыркы жылдан тарта ал цехке тандыр наны кошулуп, ушул иштин аркасынан үй-бүлөмдү багып келем. Нан жапканды канча жылдан бери жасабай жүрүп унутуптурмун. Кайрадан шаарга барып, дос баламдын байкесинен үйрөнүп, нан жасоону уланта баштадым», - деди ал.

Улан Жумагулов күнүнө эки жүз элүү нан жасап жана кайненесине таттуу нандарды даярдаганга жардам берет.

«Нанга айылдаштарымдын суроо-талабы күч. Айылда иш жок деп жата бербестен аракеттенип, үй-бүлөнүн кем-карчын камсыздап келем. Алдыда ишканамды кеңейтсем деген оюм бар», - деди наабайчы.

Жубайы Гүлайым Мураалы кызы экөөнүн баш кошконуна быйыл туура 8 жылдын жүзү болду. Ал үй кожойкеси. Алар учурда 3 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×