Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.06.2018 15:11

Жаш талант: 14 жаштагы А.Кубанычбекова түймө түйүп, өрмөк согот (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 14 жаштагы тургуну Азиза Кубанычбекова 2 жылдан бери түймөнүн түрүн түйүп, өрмөк согуп, кагаздан баалуу белектерди жасайт. Анын жасаган кол эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Жаш таланттын айтымында, айылдагы ишмер апалардын жасаган эмгектерин көрүп, кол өнөрчүлүккө кызыгып үйрөнгөн.

«Мен 5-классымда кошуна эженин кооз жиптен түйүлгөн баштыгын көрүп аябай кызыгып, андан түймө түйгөндү үйрөндүм. Учурда жүндөн баш кийимдердин түрүн, моюн орогуч, баштык, бет кап, кол кап, чач байлагыч, байпак, башмактарды түйүп, жакын адамдарыма, тааныштарыма белекке берүүдөн ырахат алам. Кээде буйрутма да беришет. Ал эми өрмөк согууга болгон кызыгуум айылда уз Турдукан апанын кол эмгектеринен башталды. Андан 1 айдан бери сабак алып жатам. Мындан тышкары интернеттен карап, кагаздан баалуу белектерди жасап келем», - деди ал.

Көп кырдуу талан ээси келечекте белгилүү журналист болууну кыялданат.

«Келечекте дүйнөгө таанымал атактуу журналист жана диктор болгум келет. Азыртадан интернеттен эфирди алып барууну, туура сүйлөөнү үйрөнүп жатам. Үйрөнгөнүмдү практика жүзүндө ишке ашырып, 12 жашымда айылда "Балдар кербени" деген видео тарткам», - деди Азиза.

Кол өнөрчү үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. Ал быйыл айылдагы Боогачы Жакыпбек уулу орто мектебинде 7-классты аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×