Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Айыл турмушу: Баатыр эне С.Ысакбаева жылкынын кылынан жип жана аркан эшип киреше табууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын 67 жаштагы тургуну Салиман Ысакбаева буйрутма менен шырдактын түрүн жасап, 5 жылдан бери жылкынын кылынан жип эшип, аны базарга алып чыгып сатып келет. Анын кол эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Ишмердин айтымында, кыргыздын улуттук баалуулуктарын жайылтуу үчүн жасаган эмгектерин жаштарга да үйрөтөт.

«Апам уз адам болгондуктан бала кезимден ага кол кабыш кылып жүрүп, кол өнөрчүлүктү үйрөнгөм. 1997-жылы элдин шырдак жасап жатканын көрүп, мен дагы алардан кем калбай азыркы күнгө чейин буйрутма менен иштешип келем.

Апаларыбыз жасап келген улуттук кол эмгектерибизди сактоо максатында 5 жылдан бери жээк ийрип, жылкынын кылынан жиптин түрүн жана боз үйгө аркан эшип, жума сайын базарга алып чыгам. Мага кичүү келиним жардамдашат. Ага жана айылдагы кызыккан кыз-келиндерге үйрөтөм. Быйыл биринчи ирет фестивалга барып, ардак грамота менен сыйландым», - деди ал.

Кол өнөрчүнүн учурда 3 уулу, 7 кызы бар. Кыздарын турмуш жолуна узатса, уулдары айылда дыйкан чарба менен алектенишет. Балдарынын улуусу 48 жашта болсо, кичүүсү 28 жашта.

С.Ысакбаева 1995-жылы «Эне даңкы», 1997-жылы «Баатыр эне» наамын алган. Быйыл «Нарын облусунун ардактуу атуулу» наамынын ээси болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 877
Көп окулду
×