Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 27.06.2018 09:41

Ат-Башыда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген кызматкерлер сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 26-июнда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин майрамдык иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө район акими Жакып Субакожоев жалпы кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Мамлекет үчүн иштеген ак кызматыңыздар ар дайым бааланат. Эң негизгиси мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошуңуздар, бул биздин негизги максатыбыз. Ар убак жүрөгүбүздө эл үчүн, мамлекет үчүн деген жакшы сезим турушу керек. Ар бир иштеген кызматкерлерге жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем, дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун», - деди район башчысы.

Майрамдык чогулушта райондогу алдыңкы делген бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктигинин, облустук профсоюздун ардак грамоталары, төш белгилери жана белек-бечкек, акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×