Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 27.06.2018 10:54

Жаш талант: Көздүн жоосун алган гүлдөрдү жасаган бийчи Жасмин сынактарда ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 11 жаштагы тургуну Жасмин Чоробекова үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта бий жана кол эмгек ийримдерине, сынактарга катышып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен көптөгөн ийгиликтерди багындыруу үчүн быйылкы жылдан баштап айылыбыздагы балдар билим берүү борборундагы бий ийримине жазылып, Фарида эжеден сабак алып келем. “Улуу көч” жана казактардын улуттук бийин үйрөнүп, мектепте концерттик иш-чараларда бийледим. Буга чейин комуз ийримине да катышкам, учурда 2-3 күү ойной алам. Мындан тышкары кол өнөрчүлүккө кызыгып, кол эмгек мугалими Элзат эжеден кагаздан, майда шурудан гүлдүн түрүн жасоону үйрөнүп, жакындарыма белекке тартуулап жатам», - деди ал.

Көп өнөргө кызыккан Жасмин үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусу. Ал келечекте мыкты дарыгер болгусу келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×