Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 27.06.2018 12:46

Жаш талант: Бийчи Ж.Искендерова жиптен түрдүү гүлдөрдү түйөт (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 12 жаштагы тургуну Жайна Искендерова 2-классынан бери бий ийримине барат. Ошондой эле быйылкы жылдан тарта өрмөк согуп, көргөзмөлөргө катышууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүккө кичинекей кезинен эле кызыкчу. Ал эми бийге апасынын сунушу менен барган.

«Мен сыналгыдан бийчи кыздардын бийлеп жатканын көрүп кызыга берчүмүн. Ошол кезде апам дагы бийге барууну сунуштап калды. 8 жашымда мектептен бий ийримине жазылып, Байыш агайдан азыркы күнгө чейин билим алып келем. Учурда кыргыз жана чыгыш бийлерин концерттик иш-чараларда бийлейм.

Ал эми кол өнөрчүлүккө кооз сайылган саймаларды көрүп кызыгып, үйрөнгүм келген. Учурда кызыгуумду ишке ашырып, айылдагы чебер Турдубүбү ападан бир айдан бери сайма сайганды, өрмөк сокконду үйрөнүүдөмүн. Ошондой эле түстүү жиптен гүлдүн түрүн түйүп, үйдү кооздойм. Мындан тышкары сүрөттү жакшы тартып, буйрутма алам», - деди ал.

Жаш талант үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусу. Келечекте котормочу болгусу келет. Ал быйыл айылдагы Боогачы Жакыпбек уулу орто мектебинде 5-классты аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×