Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Айыл турмушу: Ат-башылык дыйкан А.Усупбаева бодо малдын этин сатып киреше табууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын 39 жаштагы тургуну Айсалкын Усупбаева көп жылдардан бери эгин өстүрүп, жер иштетип жана бодо малдын этин сатып киреше табат. Аны менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Өзүнүн айтымында, атасынын сунушу менен айылда калып, балык багуу менен бирге жер иштетип калган.

«Мен Кара-Суу айылында төрөлүп өстүм. Мектепти бүтөрүм менен ушул айылдагы жигитке турмушка чыгып, эки кыздуу болгондон кийин эки айрым жолго түшкөнбүз. Ошондон бери кыздарымды тарбиялап, ата-энемдин үйүндөмүн.

Бала кезимде атама "мен чоңойгондо атама окшоп айылдын алдыңкы чабаны болом" деп айтып калчумун. Ошол кыялым орундалып, жер иштетип, арпа, картошка өстүрүп, анын түшүмүн сатып киреше табам. Ошондой эле бодо малдарды багып, аны айылдагы байкелерге сойдуруп, айылдаштарыма айлыкка таратам. Мындан тышкары айылдын четине жайкысын боз үй тигип, айылдагы эс алуучуларды жана 10 жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдү кабыл алам.

Атам тирүү кезинде балык өстүрүп, 2016-жылга чейин балык багып жүрдүк. Алдыда ошол ишти кайрадан улантып кетейин деген оюм бар», -деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1099
Көп окулду
×