Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Айыл турмушу: Ат-башылык уз Б.Атабаева үйүнүн ичин шырдактар менен толтурган (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылынын 44 жаштагы тургуну Бермет Атабаева 21 жылдан бери шырдак жасоо менен алек. Ал учурда экинчи кызына сеп камдап жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүктүн сырларын айылдагы кошунасынан үйрөнгөн. 1997-жылдан бери шырдактын түрлөрүн жасайт.

«Мен мектепте окуп жүргөндө эле апалардын колунан жасалган шырдактарды көрүп кызыгуум арткан. Азыркы күндө үйүбүздөгү бөлмөнүн бардыгын кыргыз шырдагына толтурдум. Буйрутмалар түшүп турат. Бирок шырдак жасоодо көп эмгек талап кылгандыктан аларды сатпайм. Учурда эки кызымды турмуш жолуна узатып, бирөөсүнө сеп камдап берип, экинчисине даярдап жатам.

Шырдак жасоого чейин 1992-жылдары өзүмө, бөбөктөрүмө, туугандарыма түймөдөн жана кездемеден кийим тикчүмүн», - деди чебер Б.Атабаева.

Жолдошу Сагынбай Жумагулов экөөнүн баш кошконуна быйыл туура 22 жылдын жүзү болду. Алардын 4 баласы, 2 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1069
Көп окулду
×