Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Айыл турмушу: Э.Абдылдаканов элеттик таланттардын башын бириктирип, тойлордо кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын тургуну Эрмек Абдылдаканов айылдагы таланттуу жаштардын башын бириктирип, тойлордо кызмат кылууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бала кезде эле чыгармачылыкка кызыгуум бар болчу. 8-класста аккордеонду үйрөнүп, 9-класста мектеп сахнасынан чыгып баштагам. 11-классты аяктаганда Жакут Сыдыковдун "Шаттык тамаша" тобунда эки жылдай иштедим. Турмуш шартыма байланыштуу, тактап айтканда үйдүн кичүүсү болгондуктан ал чыгармачыл топтон чыгып, айылга келип ата-энемди карап жашап калдым.

Ойлонуп көрсөм, бул жакта дагы таланттуу адамдар көп экен. Алардын башын бириктирип, топ түзүп, тойлорго кызмат кылууга бел байладым. Бул ишти баштаганыма 5 жылдай болуп калды. Учурда айылыбыздагы үйлөнүү той, тамга түлөө, куда тосуу, тушоо кесүү, 10 жылдыктардын, 20 жылдыктардын мааракелерин жана башка жакшылыктарды алып барабыз. Кээде Нарын жана Бишкек шаарларына дагы чакыруу болуп калат. Ал жакка дагы барып, талантыбызды тартуулап, жакшылыкта мыкты кызмат кылууга күч жумшап келе жатабыз. Негизи аракет кылса баары болот экен. Башка айылдардан ушундай таланттар өздөрү топ түзүп, тойлордо кызмат кылышса деле болот. Биздин топ комузчу, ырчы, аккордеончу жана сөзгө чебер алып баруучу менен толукталган», - деди ал.

Эрмек Абдылдаканов тойдон тышкары дыйканчылык менен алектенип, үй куруп да иштейт.

«Жалаң эле тойго байланып калбайбыз. Айылда кошумча жумуштарыбыз көп. Чөп чаап, жер сугарып, картошка айдап, түптөп, аны казып алуу, деги эле дыйканчылыкты дагы чогуу алып кетебиз. Тойдун көзүн карап эле отурбастан кошумча там салуу, заманбап үй жасалгалоо иштери менен алек болом. Айылда жумуш жок. Бирок иш кылууга жөндөмүң болсо, иштеп акча тапса болот. Бул кызматтын кызуу мезгили да болот. Күз айларында той берүүчүлөр көп, ал эми жаз, жай мезгилдерде жок болот. Башка жумуштарыбызды ошол учурга пландап бүтүрүп алабыз.

Тойлорго буйрутма түшкөндө биз бир күндөй ырдап, тексттерин жазып, даярдык көрөбүз. Ар бир тойду шаардыктардыкынан өзгөчө кылып, тамашалуу, эң башкысы жөнөкөй жана кызыктуу, эсте каларлык кылганга аракет кылабыз», - деди ал.

Каарманыбыз эки баланын атасы. Алдыда айылдагы чыгармачылыкка кызыккан жаштардын талантын ачып, жол көрсөтүүнү кыялданып, эки шакиртин тарбиялап жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 868
Көп окулду
×