Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 30.08.2018 22:15

Айыл турмушу: Соодагер Н.Токтосопиева кыйынчылыктарга карабай 5 баласын жалгыз өстүрдү (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Нурбүбү Токтосопиева соодагерликти тамеки, сагыз сатуу менен баштап, бүгүнкү күндө чоң дүкөн ачууга жетишти. «Дарак бир жерден көгөрөт» деген ураанды туу туткан айымдын ийгиликтери жана өнөрлөрү менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурбүбү Токтосопиева 1961-жылы Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Ушул эле айылда мектепти бүтүп, 17 жашында турмушка чыккан. Жолдошу экөө 8 жыл чабан болушкан. Жолдошу 32 жашында оорунун айынан каза болуп, балдарын өзү тарбиялап чоңойткон. Ал убактагы башынан өткөргөн кыйынчылык, оор күндөрүн эстегенде көзүнө жаш алат.

Н.Токтосопиева башында Бишкектен бирден тамеки сатып жүрүп кантип чоң дүкөн ачканын айтып берди.

«Союз тарагандан кийин 5 баланы багуунун айласын издеп, Бишкек шаарына келдим. Дүкөндүн жанында тамеки сатып, 2 жыл соода кылдым. Анда отургучка отуруп алып, кошумча сагыз, кофе да сатчумун. Ошол кезде тамекинин бир даанасы 60-70 тыйын болчу. Балдарым айылда өздөрү оокат кылып жатты. Улуу уулум Алымбекти борборго ала барып, медреседе окуттум. Андан кийин Ача-Кайыңдыга келип, 5 жыл мектептин алдында окуучуларга күн карама, сагыз сатып иштеп жүрдүм. Учурда дүкөндү чоңойттум, дүкөнүмдүн ичинде баары бар. Кардарлар көп, соода жакшы болуп жатат», - деди ал.

Соодагер: «Дарак бир жерде көгөрөт» дегендей сооданы токтоткон жокмун. Соода кылбасам башым ооруйт. Жашоо шартымды оңдоп, элден калбаш үчүн иштеп жаттым. Уул-кыздарымдын баардыгы окуу жайды аяктап, иштеп жатышат. Азыр Ажыбек, Элмира аттуу балдарым менен жашайм, баары жакшы. Үйдөн кошумча кийиз жасап, жөрмөп, шырдак шырыйм. Балдарымдын баарына шырдак жасап берүүгө аракет жасайм. Жаштарга күндүз уктабагыла, эмгектенгиле дейт элем», - деди.

Ал Ардактуу айым, Берешен айым наамдарына татыган. Анын 2 кыз, 3 уул жана 14 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×