Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 30.08.2018 15:37

Чаңга бөлөнгөн ача-кайыңдыктардын жол жана жер көйгөйү (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жер жана жол маселеси көйгөй жаратып келет. Жергиликтүү тургундар аталган маселелер боюнча тиешелүү түзүмдөргө бир нече жолу кайрылышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай майнап чыккан эмес.

«Айылдын кире беришиндеги ээн турган жерди чечип беришсе жакшы болмок. Там салалы десек жер жок. Жөлөк пул алалык десек, "Сен ата-энең менен чогуу жашайт экенсиң, болбойт" деп беришпейт. Аталган жер союз тарагандан бери аңырайып бош эле турат. Союз убагында бул жерге эгин эгилип, чөп чыкчу. Тиешелүү жактарга кайрылып эле жатабыз, эч жыйынтык жок. Азыркы маалда бала-чакалуу болгон жаш үй-бүлөлөр көбөйдү. Мындан тышкары жолубуз дагы көйгөйдү жаратып келет. Асфальт төшөлбөсө дагы шагыл төгүлүп, тегизделсе жакшы болмок. Унаа өткөндө чаңдап эле калабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×