Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 31.08.2018 13:44

Эгемендүүлүк күнү: Ат-Башыда коомдук активисттер сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун борбордук аянтында дагы салтанаттуу белгиленип өттү. Бул тууралу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чаранын башында район акими Жакыпбек Субакожоев куттуктоо сөзүн сүйлөп, райондун маданият үйү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Эгемендүүлүк күнүн утурлай Ат-Башы райондук мамадминистрациясы тарабынан райондун ардактуу инсандары, жергиликтүү коомдук активисттери диплом жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери майрамдык иш-чара өтүлүүчү жерлерди тосуп, толук көзөмөлгө алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×