Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.09.2018 10:18

Айыл турмушу: Ат-башылык Ш.Касиева 30 жылдан бери автобекетте эсепчи болуп эмгектенет (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 60 жаштагы тургуну Шаарбүбү Касиева 29 жылдан бери автобекетинде кассир болуп эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча эсепчи.

«Кичинекей кезимден бери эле таттуулардын сыртын акча деп санап, дүкөнчү болууну кыялданчумун. Ошол тилегим ишке ашты десем жаңылышпайм. 1977-жылы Караколдогу азыркы Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 10 ай бухгалтердик адистик боюнча билим алгам. 1989-жылдан тарта айылдын автобекетинде кассир болуп иштеп келем. Эл менен иштөө аябай көңүлдүү, жумушум абдан кызыктуу», - деди ал.

Шаарбүбү жеңе жолдошу менен эжесинин үйүнө конокко келип таанышып, 1 жылдан кийин баш кошушкан.

«Нарын районундагы Орто-Нура айылында төрөлүп өстүм. Окуумду бүтүп Ат-Башы айылына эжемдикине конокко барып, жолдошум Жолдошбек менен таанышып, анын эмгекчил, чечкиндүү сапаттарын баалап жактыргам. Экөөбүз 1 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, анан баш кошконбуз. Жаңы келин болуп келгенимде эч кандай кыйынчылыктар болгон эмес. Себеби кайын энем Жөжөкан Сөлпүева мага өз кызындай мамиле жасап, билбегендеримди акырын айтып үйрөткөн, абдан түшүнүктүү адам болчу. Азыркы күндө менин 2 келиним бар. Мен дагы аларга кайын энемдей мамиле жасап, аларды өз кызымдай көрөм», - деди жеңе.

Шаарбүбү айым 5 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×