Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 03.09.2018 08:54 Жаңыланды: 03.09.2018 18:56

Мекендештер: 5 тилде сүйлөгөн Зейнеп Билал кызы Дубайда жеке компаниясын ачты (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында өскөн 28 жаштагы Зейнеп Билал кызы учурда Дубай шаарында жеке ишкерлик менен алектенүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, чет өлкөлөрдөн билим алган жана 5 тилде эркин сүйлөйт.

«Менин бала чагым Ача-Кайыңды айылында өтүп, мектепте да жакшы окугам. Кичинекей кезимден эле чет өлкөдө окуйм деген кыялым бар болчу. Ошол тилегим орундалып, окуумду аяктагандан кийин алгач Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин англис тили факультетинде билим алдым. Аны 2012-жылы аяктап, Швейцариянын Цюрих шаарынан немис тил курсун 2014-жылы бүтүргөм.

Ал эми быйыл Дубайдагы академиядан билим алып, дизайнер кесибине ээ болдум. Учурда Дубай шаарында тойлорду, иш-чараларды уюштуруу боюнча чакан компания ачып эмгектенип жатам. Андан тышкары мейманканада иштейм. Бош убактымда адамды баланста кармап туруучу йога менен машыгам», - деди Зейнеп.

Жаш ишкер кыргыз, орус, англис, немис жана француз тилдеринде эркин сүйлөй турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×