Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 03.09.2018 12:04

Ат-Башыда мыкты айыл өкмөттөр аныкталды (сүрөт)

Turmush -  31-август — Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына жана Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамадминистрациясы тарабынан айыл өкмөттөр арасында «Ат-Башы районунун мыкты айыл өкмөтү» кароо-сынагы уюштурулган. Анын 1-этабынын жыйынтыгы чыгып, мыкты айыл өкмөттөр сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынактын жыйынтыгында 1-орунду Ак-Талаа айыл өкмөтү алып, диплом жана 10 миң сом менен сыйланды. 2-орунду Ача-Кайыңды айыл өкмөтү алып, диплом жана 7 миң сом менен сыйланса, 3-орунга Кара-Суу айыл өкмөтү татып, диплом жана 5 миң сом менен сыйланды. Сыйлыкты райондун акими Жакыпбек Субакожоев тапшырып, жалпы айыл өкмөт башчыларын куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Сынактын 2-этабынын жыйынтыгы жыл аягында чыгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×