Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 07.09.2018 09:21

Айыл турмушу: Мугалим А.Кубанычбекованын окуучусу аны «Хюррем султан айым» деп ыңгайсыз абалда калтырган (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын 29 жаштагы тургуну Айдай Кубанычбекова 7 жылдан бери мугалим болуп эмгектенет. Ал окуучуларынын бири «Хюррем султан айым» деп ыңгайсыз абалда калтырганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Мугалим Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Турмушка чыккандан кийин Ат-Башынын Терек-Суу айылынын чок ортосунда жайгашкан СССРдин баатыры Анварбек Чортековдун наамын алып жүргөн орто мектепте мугалим болуп иштеп баштаган. Ошол күндөн тартып аталган мектепте кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенип келет.

«Мектепте иштеп жатканыма жалпы 7 жылдын жүзү болду. Ушул жылдар аралыгында талыкпай эмгектенип, өз кесибин сүйгөн агартуучу катарында үзүрлүү эмгектенип келем. Алгач мектеп администрциясынын ардак грамоталары менен сыйлансам, андан кийин айыл өкмөттүн, акимдин жана губернатордун ардак грамоталарынын ээси болдум. Окуучуларымды «Манас таануу» интеллектуалдык таймашына жогорку деңгээлде даярдап, райондук жана облустук турдан 1-орунду багындырып, республикалык таймашка катыштык. Интеллектуалдык таймашта окуучуларым жеңишке жетип, мактоого жана алкышка ээ болдук. 7 жылдык эмгектенүүмдүн аркасы менен 35 ардак грамотанын ээси болдум. Өзүм окуучуларым менен жакын болгум келет. Сырдашып, мугалим эмес эже катарында кеңешимди берүүгө аракет кылам. Жөнөкөй болгум келет», - деди ал.

Мектепте ар кандай окуялар болорун айткан Айдай Кубанычбекова: «Бир жолу 5-класстын окуучусу тапшырма аткарбай келиптир.Тургузуп алып, эмнеге тапшырма аткарбай келгенин сурасам, "кечээ атам мас болчу, анан коркуп эрте жатып алдык" деп жооп берип, мени ыңгайсыз абалда кылтырган. Өзүм аябай жаман болгом.

Дагы бир окуяны айтып берейин. 7-класстарга сабак берчүмүн. Акжол деген тентек окуучум бар эле. Сабакты жыйынтыктап, "балдар, эртең ырды жаттап, өзүңөрдүн ой чабытыңарды кенен кылып, ырдын маанисине жараша сүрөт тартып келгиле" деп айттым. Ал "ляппай Хюррем султан айым, сиздин айтканыңызды эки кылбай аткарууга даярбыз" деп эки колун бооруна алып, башын ийип ордунан тура калды. Аябай күлкүм келип, же күлө албай же уруша албай коңгуроону күтпөй чыгып кеткем.

Бош убактымда китеп окуйм, ыр жазам жана шырдак шырып, шырдак жөрмөйм. Ырдап, шырдак шырыгандан кадимкидей эс алып, эргүү алам. Айылдагы жана райондук деңгээлдеги чоң иш-чараларда алып баруучулук милдетти аткарам. Сармерденде шайыр жеңенин да ролун аткарып жүрөм. Алдыма бийлиги бар максат койгум келбейт, жөн гана катардагы карапайым мугалим болуу менен окуучуларымдын эсинде мээримдүү мугалим катары калгым келет», - деди.

Мугалим 2 уул жана 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×