Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.09.2018 12:55

Бирлик айылында мектептин 4 жыл мурун башталган жаңы имараты быйыл курулуп бүтөт

Turmush -  Ат-Башы районунун Бирлик айылында мектептин 4 жыл мурун башталган жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Курулуш иштери менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов таанышып чыкты, деп билдирди басма сөз кызматы.

Самудин Мырзакматов атындагы орто мектебинин директору Айбек Исаевдин маалыматы боюнча, эки кабаттуу жаңы имараттын сметалык наркы 57 млн сомду түзүп, жарым каржысы түрк грантынан, жарым каржысы мамлекеттик бюджеттен каралган. 225 орунга ылайыкталган 9 класстык бөлмөсү, ашканасы, ажаткана, спорт зал, жылытуу системасы да долбоорго камтылган.

Тендерди утуп алган «Авангард строй» ЖЧКсына 20 млн сомдон ашык каражат которулуп, 2014-жылы курулуш иштери башталган болчу. Бирок убакыт создуктурулуп, өз мөөнөтүндө курулуш аяктаган эмес. Мындан тышкары курулушта мүчүлүштүктөр кетирилгенине байланыштуу тийиштүү органдар тарабынан ишти токтотуу боюнча сунуш берилип, кайрадан тендер өткөрүлгөн.

2017-жылдын кыш айларында тендерди утуп алган «Тунук курулуш» ЖЧКсынын өкүлү имараттын чатыры жабылып, ички, сырткы жумуштарын бүтүрүү менен 2018-жылдын октябрь айында пайдаланууга берүү пландалганын айтты.

Мектептин 1968-жылы, 1984-жылы жана 1989-жылы курулган 3 имаратында окуу процесси жүргүзүлүп жатат. Кыш мезгилинде класстарды жылытуу кыйынчылыкка турат, себеби ар бир класста мештерге от жагылат.

Учурда бул мектепте 277 окуучуга 38 мугалим билим берип жатат.

А.Кайыповдун айтымында, Нарын облусунда быйылкы жылдын аягына чейин 5 мектептин имаратын, 2 мектептин спорт залын пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×