Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 10.09.2018 13:05

Көчмөндөр оюндары: Мугалим А.Алымкулов «Камчы өрүү» сынагында баш байгени жеңип алды (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Асанбек Алымкулов Ысык-Көл районундагы Кырчын жайлоосунда өткөн III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 9 баскычтуу «Көчмөндөр жаңырыгы» сынагында камчы өрүүдөн баш байгени жеңип алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Асанбек Алымкулов 1970-жылы Ак-Муз айылында төрөлгөн. Бишкек шаарындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы кесиптик окуу жайын бүтүргөн. Азыркы учурда Ак-Муз айылынын Жакыпбек уулу Боогачы атындагы орто мектебинде кол эмгектен сабак берет. Аталган сынакка 13 адам катышып, алардын ичинен камчыны сапаттуу жана тез өргөн мугалим камчы жасоо боюнча мектеп программасын иштеп чыккан. Ал учурда үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

«Камчыны кайыштан тез жана сапаттуу жасоо тапшырмасы берилип, анын негизинде сынакка катышып калдым. Бул сынакка жалпы 13 адам катышып, алардын ичинен менин эмгегим бааланып, 1-орунду алдым. Атайын камчы жасоо боюнча китеп иштеп чыккам, анда бул өнөрдү мектеп программасына киргизүү боюнча жазылган. Атаандаштар күчтүү жигиттер экен. Өзгөчө Жети-Өгүз, Оштон мыкты кол өнөрчүлөр келишти», - деди ал.

23 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалаган Асанбек Алымкулов 1-даражадагы диплом, 15 миң сом сыйлык менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×