Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.09.2018 07:51

Ат-Башыда калкты тейлөө борбору ачылды (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун борборунда калкты тейлөө борбору ачылып, иштеп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Гүлира Туратбекова билдирди.

Анын айтымында, ачылыш аземге жергиликтүү бийликтин, облустук калкты тейлөө борборунун өкүлдөрү жана тургундар катышып, кызыл тасма кесилди. Эми аталган борбордон жарандар бир эле учурда паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка бир катар документтерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Борбордо тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында баардыгы электрондоштурулган. Бир жаран 10 мүнөт аралыгында тейленип, ага акысыз кеңеш берилет. Борбор мурдагы почтанын имаратында орун алган. Бир эле учурда ушул имараттын ичинде паспорттоштуруу, жарандык актыларды каттоо, касса, сүрөткө түшүү жумуштары жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×