Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.09.2018 11:15

5 аспапта ойногон ырчы Жоннинин Абдумалик Шерматов менен байланышкан күлкүлүү окуясы (видео, сүрөт)

Turmush -  «Күттүм, күттүм ай» аттуу ыры менен жаштардын жүрөгүнөн орун алган жаш таланттардын бири, ырчы Жонни жан дүйнөсүндөгү сезимдерин кыргыз элине тартуулап, учурда 5 музыкалык аспапта ойнойт. Ал Казыбек казалчы мекендеген жерде өскөн. Аймактык кабарчы өнөр ээси менен таанышты.

Жонни — чыгармачылыктагы ысымы болсо, өз аты-жөнү — Жаныбек Жеңишбеков. 1990-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында төрөлгөн, үй-бүлөдө 6 бир туугандын бешинчиси. Атасы Жеңишбек Маанаев өмүр бою ун заводунда эмгектенип, 2013-жылы көзү өтүп кеткен. Көзү тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Ал эми апасы Батина Жанусупова 58 жашта. Ал райондук ооруканада кулак, мурун жана тамак оорулары боюнча дарыгер болуп эмгектенип, пенсияга чыккан.

«Атам таланттуу адам болгон. Апам да таланттуу. Ата-энем жаш кездеринде театрларды кыдырып ырдап жүрүшчү. Чоң атам да комуз черткен инсан болгон экен. Ал эми үй-бүлөдө 6 бир туугандын баарыбыз тең чыгармачылыкка жакынбыз. Азыр баары өз алдынча турмуш куруп, чыгармачылыктан алыстап калышты. Карындашым экөөбүз гана ырдап калабыз. Ал да үй-бүлөлүү, бирок чыгармачылыкка жакын. Кийин карындашым экөөбүз дуэт ырдап каларбыз (күлүп)», - деди Жонни.

Жаныбек Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы №7 орто мектебинде 1-класстан 9-класска чейин билим алган. Аны менен бирге Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектепте комуз жана баян аспаптар бөлүмүндө окуп, музыкалык билим алууга жетишкен. 2006-жылы 9-классты бүтүп, Бишкек шаарындагы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан гитара, вокал бөлүмүн аяктаган. Андан кийин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алдындагы комуз жана вокал бөлүмүн аяктап, эки окуу жайдан тең арчыкчылык диплом алган. Андан соң, 2010-2014-жылдары И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин архитектура бөлүмүн аяктаган.

«2007-2017-жылдары тойканаларда ырдап жүрдүм. Ортодон 2012-жылдан 2015-жылга чейинки Москва шаарында чыгармачылык чөйрөдө иш алып барып, кошумча тажрыйба да топтодум.

Учурда 5 музыкалык аспапта ойнойм. Комуз, гитара, баян, фортепиано жана чопо чоордо ойнойм. Чопо чоорду ушул күнгө чейин өздөштүрүп келе жатам. Өзүм ыр жазам жана обон жаратам. Жакшы ырларым жарыкка чыга элек. Жакында кыргыз элим күбө болот деген ойдомун. Ушу мезгилде өзүмдүн калемиме таандык 2 ырым бар. Калган ырларым даярдалып жатат.

Мен 5 жашымдан бери ырдап келем. Бирок чоң сахнага 6-классымда чыккам. Анда сынактарга катышып, 1-2-орундарды алып жүрдүм. Ырчылык мурда менин жөн гана хоббим болсо, азыр кесибим. Жан дүйнөмдөгү сезимдерди ыр аркылуу кыргыз элиме тартуулап, бул жашоого из калтырсам дейм. Буюрса баш аман болсо ал тилектерге да жетербиз», - деди ал.

Жаныбек Жеңишбеков: «Кичинекей кезимде Абдумалик Шерматов деген ырчы байкебиз Нарын шаарына келип, концерт коюп, жаш таланттарды тандайбыз деп сынак уюштурган. Ал сынакка мен дагы катыштым. Сахнага гитарам менен чыгып ырдап жатсам, мени карап отурган элдер менен калыстар тобу күлүшүп, "Сенин боюң гитара менен эле тең экен, эмдиги жылы кел" деп кетирип жиберишкен. Ошол кезим аябай күлкүлүү болгон», - деп кошумчалады.

Ырчы жигит учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×