Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.09.2018 13:38

Айыл турмушу: Тойлордо ырдап, киреше тапкан кол өнөрчү А.Мүдүнова эмгектерин 500 сомдон жогору сатат (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 28 жаштагы тургуну Айтолкун Мүдүнова 6 жылдан бери тойлордо ырдайт жана бала кезинен бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Учурда Кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын элдик ырдоо бөлүмүнүн сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жатам. 2012-жылдан бери Ат-Башынын маданият үйүндө эмгектенип жана тойлордо атайын чакыруулар менен ырдап келем. Буйрутмалар Нарын облусунан жана Бишкек шаарынан түшүп турат.

Ал эми кол өнөрчүлүк менен бала кезимден алектенип, 10 жылдан бери эмгектеримди сатыкка чыгарып келем. Курак курап, жууркан, жаздыкчаларды жана боо жиптен асынма баштыктарды, карапаларды жасайм. Быйыл алгачкы ирет Көчмөндөр оюндарына катыштым. Жасаган эмгектерим 500 сомдон жогору бааланат. Алдыда цех ачып, аны менен бирге ырчылык кесибимди дагы өздөштүрүп кетүү планымда бар», - деди ал.

Жолдошу Эркинбек Тентимишов экөөнүн баш кошконуна быйыл 6 жылдын жүзү болду. Алар 1 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×